Климаттын ысышы Кыргызстандын мөңгүлөрүнө терс таасирин тийгизүүдө. Бирок окумуштуулардын айтуусунда климаттан көбүрөк зыянды адамзаты өзү алып келүүдө. Антропогендик факторлордон улам анча бийик эмес мөңгүлөр өтө тездик менен эрип жатканын айткан илимпоздор, бул көрүнүштү токтотпосок, 50-70 жылдан кийин жалпы Борбор Азияда суу тартыштыгы көйгөй жаратарын билдиришет.
Окумуштуулардын каккан коңгуроосу канчалык жөндүү? Мөңгүлөрдү эрип кетүүдөн сактап калуу үчүн кандай чаралардын көрүлүүсү зарыл? Экономикалык кызыкчылык менен экологияны сактоодогу баланс кайсы жерде?
Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү “Кеменгер” уктуруусунда жооп издедик.