Өлкөдө 2008-жылы классификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, бирок жол-жобосу чийки болуп калгандыктан кийинки жылы жокко чыгарылган. Эми кайрадан классификациялоо системасы киргизилип, республикадагы мейманкана жана курортторго "жылдыз", боз үйлөргө "түндүк" ыйгарылат. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык,мейманканалар жана курорттор арасында биринчи жылдыз ээлери ушул жылы аныкталат. Сунуш боюнча мейманканаларга бирден бешке чейин жылдыз, конок үйлөргө төрткө чейин эдельвейс, боз үй лагерлерине дагы төрткө чейин түндүк берилет. Жаңы стандарт менен коноктор кайсыжерде сапаттуу тейлөө кызматы көрсөтүлөрүн дароо түшүнсө болот.
Мунун баары туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана ички туризмди өнүктүрүү үчүн жасалып жатканын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун өкүлдөрү айтып беришти.