Трамп: ЕБ АКШ менен соода жүгүртүүгө өтө начар мамиле жасоодо

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Америка лидери Дональд Трамп Евробиримдик соода жүгүртүү жаатында АКШга "өтө жаман" мамиле жасап жатканын, бирок бул нерсе андан ары уланбай турганын айтты. Анын нааразылыгын РИА Новости жазды.
"Европалык биримдиктин биз менен мамилеси өтө начар болууда. Алар автоунааларыбызды Япониядай кабыл албай жатат. Айыл чарба продукциябызды алган жок. Айтор, дээрлик бардык нерсебизди кабылдабай жатат, мындай болбойт", — деген ал Израиль премьери Биньямин Нетаньяху менен жолукканда.
Трамп бийликке келгенден бери АКШ менен ЕБдин ортосунда бир топ суроолор жаралып, мамиле суук селки тарта баштады. Анын соңку кадамдарынын бири Трамптын Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым кирет деген билдирүүсү болду. Көп өтпөй эле бул убадасы дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле ЕБ мамлекеттерине карата да күчүнө кирди.
Президент аталган биримдикти Америкага карата ичи жылыбайт деп күнөөлөгөн. ЕБ Американы алдаш үчүн түптөлгөнүн, алар максатына жеткенин, бирок эми мындан ары багыт башкача болорун кыйыткан.
Ал эми Германиянын вице-канцлери жана өлкөнүн экономика министри Роберт Хабек эгер АКШ президенти Дональд Трамп Европадан барган товарларга бажы салыгын киргизсе, ЕБ мамлекеттери да салыктын ушул түрү менен жооп бере аларын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Россияга каршы иликтөөчү топтон чыкканын Евробиримдикке кабарлады