Кыргызстан ЕАЭБде жумуртка өндүрүү боюнча алдыңкы орунга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында жумуртка өндүрүү боюнча алдыга чыкты.
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-февраль айларында өлкөдө 94,8 миллион жумуртка өндүрүлгөн. Бул — өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга көп көрсөткүч.
Өсүш боюнча кийинки орунда Россия турат (3,7 пайыз). ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 3,3 пайызды түздү.
Иордания ЕАЭБ менен эркин соода келишимин түзүүнү каалайт