БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Уулунун сөөгүн алып кете турган чет элдиктен 100 миң сом талап кылган медик кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 19-мартта Өзгөндө Түркиянын 30 жаштагы жаранынын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы адам кармалып, 40 жаштагы дагы бир шектүү издөөгө алынган.
"Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун Э.Ж.М. аттуу кызматкери уулунун сөөгүн алып кеткени келген Түркия жаранынан 100 миң сом талап кылган. Бул акчаны сөөктү берүү процессин тездеткени үчүн сураган", — деп айтылат маалыматта.
Медик белгиленген акчаны алгандан кийин колго түшкөнү кошумчаланды.