Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Балыкчы — Кочкор темир жолунда бургулоо-жардыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери Кочкордун аймагында кызуу жүрүп, 40-чакырымында бургулоо-жардыруу жумуштары аткарылууда.
"Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат", — деп жазылган маалыматта.
Бул ири инфраструктуралык долбоор өлкөнүн экономикалык жана транспорттук потенциалын жогорулатып, региондордун өнүгүшүнө салым кошору белгиленди.
Жол курууга материал алуу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого уруксат берилди