Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Сульги Лутфуллин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман жоокерлер тууралуу баяндоосун улантат.
Sputnik
Кичи лейтенант Сульги Лутфуллин
Ал 1923-жылы 5-январда Алма-Ата шаарында (Казакстан) кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктаган. Аскерге чакырылганга чейин Ош облусунун Өзгөн шаарында жашап, Элдик сотто сот аткаруучу болуп иштеген. Армияга 1942-жылы март айында чакырылган.
Ар кыл фронттордо, анын ичинде Воронеж жана 1-Украина фронтунда да болгон. Львов-Сандомир жана Польшанын аймагындагы Сандомир-Силезск деген аталыштагы чабуул коюучу операцияларга катышкан. Анда Висла дарыясындагы плацдармды кеңейтүү, Одерди өтүп, плацдармды чоюу максаты коюлган.
1944-жылы 18-августта Висла дарыясындагы Сандомир плацдармын кеңейтүү үчүн салгылашта Лутфуллин куралы (артиллериялык) менен аткылап, душмандын 12 танкасы, автоматчылар десанты курчоого алынган.
Жети контрчабуулдун мизин кайтарып, беш танканы жок кылып, коргонууда калган бөлүктү алып чыгып кетет. 1945-жылдын 29-январында Одер дарыясынан полктун ичинен биринчилерден болуп өткөн. 1945-жылы январда эл жашаган Нойдорф жана Герцогсвальде пунктуларындагы плацдармды кеңейтүү боюнча согуштарында он танканы, сооттолгон эки транспортерду жок кылып, бир взводго чукул аскерлерди зыянга учураткан.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1945-жыл 10-апрелдеги жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн Сульги Лутфуллинге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кайсы жылдары I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.
1945-жылы 13-армиянын кенже лейтенанттар курсун аяктап, 1946-жылы запаска бошонгон. Анжиян (Өзбекстан) шаарында жашаган. 1964-жылы Соода институтун аяктап, Текстильторг базасында кампаны башкарган.
1991-жылы көз жумган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Ташмамат Жумабаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры