БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ош шаарында жөө адамдар өтүүчү жол чийинден басып бараткан аялды учура сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 2-апрелде Ленин көчөсүндө болгон. Окуянын видеосу жарыяланды.
Анда көрүнүп тургандай, аял киши жөө өтмөктөн бара жатканда аны ылдам келе жаткан Hundai Grandieur унаасы сүзгөн. Шаардык милиция 34 жаштагы айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулганын кабарлады. Ал эми 21 жаштагы жабырлануучу ооруканага дароо жеткирилген. Абалы жакшы экени кошумчаланды.