БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Таластагы 4 457 метр бийиктиктеги чоку Бакай-Ата деп аталды. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Айтматов районундагы Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркаларынын эң бийик чокусуна "Манас" эпосундагы Бакай атанын ысымы ыйгарылды.
Чоку деңиз деңгээлинен 4 457 метр бийиктикте. Кара-Сай айылынан 32 чакырым, райондун борборунан 62 чакырым алыстыкта жайгашкан.