Министрлик дыйкандарды картошканы ченеп айдоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермелерге картошканын аянтын былтыркы 66,4 миң гектардан ашырбоону сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы жөнөткөн маалыматта айтылган.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдө муктаждык жогору болгондуктан картошканын баасы 45-60 сомго чыккан. Демек, алар картошканын аянтын көбөйтүшү мүмкүн.
"Ушуга байланыштуу картошка өстүрүүдө технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багыт алып, картошканын аянтын былтыркыдан 66,4 миң гектардан ашырбоону дыйкан-фермелерге сунуштайбыз. Анткени дыйкандар баа жогору болду деген негизде көбүрөөк айдап алса картошканын баасы төмөндөп дыйкан-фермерлердин кирешеси да азайып кетиши мүмкүн", — деген министрлик.
Пресс-борбор
Россия Кыргызстандын кайсы айыл чарба азыктарына муктаж? Министрликтин жообу