ЖМК: Илон Маск Трамптан жаңы тарифтерди кайра карап чыгууну суранды

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу департаментинин (DOGE) жетекчиси Илон Маск президент Дональд Трамптан бир катар өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга жаңы тарифтерди кайра карап чыгууну өтүнүп кайрылган. Бул тууралуу Washington Post маалымат булагына таянуу менен жазды.
"Дем алыш күндөрү Илон Маск Ак үйдүн кеңешчилеринин бирин агрессивдүү тарифтик план үчүн сындап, социалдык тармактарга бир катар постторду жарыялаган. Эми ал президент Дональд Трамптын өзүнө кайрылды", — деп айтылат маалыматта.
Басылма белгилегендей, Масктын кайрылуусу азырынча ийгилик алып келген жок. Трамп дүйшөмбү күнү эгер Пекин жооп кайтара турган чараларынан баш тартпаса буга чейин жарыяланган бажы алымынын үстүнө дагы 50 пайыз кошо турганын айткан.
2-апрелде Американын президенти импортко бажы төлөмдөрүн киргизүүнү жарыялаган. Базалык чен 10 пайызды түзөт, бирок дээрлик ар бир өлкө тең салмактуулукка жетишүү үчүн АКШнын соода тартыштыгынын негизинде эсептелген жогорку чендерге туш болот. Евробиримдиктен келген товарларга 20 пайыздык алым белгиленген.
Трамп Кытайга 50%дык кошумча бажы алымын киргизерин айтып опузалады