Бишкектеги Ботаникалык бак оңдолууда. Асмандан тартылган видео

Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак көрктөндүрүлүп жатат. Анда тротуарлар жаңыланып, жарыктандыруу оңдолууда. Алып салынган эски тосмолор жаңысына алмаштырылат.
Sputnik
Ишти президенттин иш башкармалыгы жүргүзүүдө. Бак шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн ыңгайлуу жайга айланат.
Буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев аталган жай көп жылдан бери кароосуз калып, кылмыш көп жасалган жерге айланганын билдирген.