Манас аэропортун салдырып, кыргыз уяң жүнүн союзда брендге айланткан Сабирдин Турсунов

Sputnik
Быйыл мамлекеттик ишмер Сабирдин Турсунов 95 жашка чыкмак. Ал Искак Раззаковдун кадры деп эсептелчү. Турсунов 26 жашында Кыргыз ССРнин айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган. Андан айыл чарба, эт жана сүт министрилигин жетектеген. Анын демилгеси менен айыл чарба жана жайлоо боюнча илимий институт ачылган. Ал 1960-жылдары БУУнун Афганистанда азык-түлүк программасы боюнча эксперт болуп эмгектенген. Сабирдин Турсунович Москвада Кыргыз ССРнин туруктуу өкүлү болуп иштеген. Анын көрөгөчтүгү менен азыркы күндөгү Москвадагы элчиликтин имараты Кыргызстандын карамагына өткөн жанан анын демилгеси менен союздук бюджеттен борбор калаада Манас аэропорту салынган.
“Туяк“ программасынын алкагында каарманыбыздын ушул эмгектери жана жекен жашоосу тууралуу маалыматтар айтылды.