Гүл өссө — жердин көркү. Бакча үчүн кандай гүлдөрдү өстүрүү оңой?

Sputnik
Жаз келери менен үй кожейкелери короо-жай, үйдү жашылдандыруунун камын көрүшөт. Ал үчүн гүлдөрдүн, бадалдардын түрлөрүн өстүрүшөт. Өсүмдүктөрдүотургузгандан кийин сөзсүз кам көрүү талап кылынат эмеспи. Адистер гүл бакча кылуудан мурда анын жайын туура тандап алууну сунушташат. Азыркы тапта дизайнер чыгарып, стилин түзүүдө бадалдар колдонулууда. Анын өлкөдө 30дай түрү бар. Ал эми бакчанын кооздугун арттырам деген үй ээси гүлдүн бир түрүн гана өстүрсө жаңылышат. Негизи бакчада өстүрүлгөн гүл, бак-дарактар өзүнүн кооздугу менен адамдын көңүлүн буруп, абаны тазартып, терс энергиялардан арылта турган касиетке ээ.
Ошондуктан кам көрүүгө убакыт жок болсо да өсүмдүктөрдү отургузууну каалап жатсаңыз, анда өстүрүүгө оңой кандай гүлдөрдү тандоо керектигин “Көзмончок” уктуруусунан тыңдаңыздар.