Өлкөдө акыркы жылдары кургак учук менен ооругандарды дарылоодо кандай өзгөрүүлөр болду?

Sputnik
Өлкөдө кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда. Кургак учук 2001-жылы күчөгөн. Анда кургак учук менен ооругандардынсаны 100 миң кишиге 168 учур катталган. Каза болгондордун саны да ошол жылы көп болуп, 100 миң кишиге 27 өлүм туура келген. Ал эми былтыркы статистикага ылайык, 100 миң адамга 56,3 учур туура келсе, өлгөндөрдүн саны 100 миңге 2,6 учурга чейин азайган. Ооруну дарылоо жана аныктоо жаатында эл аралык уюмдар, ыктыярчылардын көмөгү менен жаңы ыкмалар колдонулуп келет. Анын негизинде дарылоо үчүн колдонулган дары-дармектердин саны жана убактысы кыскарган.
ДССУ 2030-жылга чейин кургак учук оорусун жок кылууну пландаганын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллат Кадыров билдирди.