Бишкекте жыл сайын өтүүчү “Жаш мугалим депозити” сынагына жогорку окуу жайларды жана адистештирилген педагогикалык окуу жайларын аяктаган 100 мугалими катыша алат. Максаты – шаардын жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди тартуу жана дайындоо, шаардын билим берүү уюмдарын кадрлар менен камсыздоо, жашмугалимдерди материалдык жактан колдоо, жаш адистердин иштөөсү үчүн социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Сынак эки этаптаөткөрүлөт. Биринчиси тестирлөө болсо, экинчиси аңгемелешүү менен жыйынтыкталат. Сынакты жеңген мугалимдер менен мектепте 3 жыл үзгүлтүксүз иштөө боюнча келишимтүзүлүп, жыйынтыгында 90 миң сомго жакын акча төлөнөт. Эгерде үч жыл аралыгында мектепте иштебей калса депозит төлөнүп берилбейт.
Учурда шаар боюнча 500 мугалим депозит программасы менен иштеп жатышат. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын коноктору айтып берди.