БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жыл башынан бери өлкөгө 245 баш таза кандуу жылкы алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл сайын Европа өлкөлөрүнөн жана АКШдан 900дөй асыл тукум мал сатып алынат.
Муну менен жергиликтүү жылкылардын породалык сапаты жакшырмакчы.