Капитан Евдокия Пасько
Ал 1919-жылы 30-декабрда Жети-Өгүздүн Липенка айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 1938-жылы Барнаулдагы мектепти аяктап, Москва мамлекеттик университетинин механикалык-математика факультетине тапшырат.
Төртүнчү курстан тарта Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен кетип, өзү теңдүү 16 студент менен №122 авиатопко кошулат. Энгельс шаарында тездетилген авиациялык-штурмандык курсту аяктап, 1942-жылдын май айынан тарта согуш аяктаганга чейин 46-гвардиялык бомбалоочу авиаполктун эскадрильясынын штурманы болгон. Фашисттер бул полктун учкуч кыздарын "түнкү жез тумшуктар" деп аташкан.
Пасько баш-аягы 790 ирет учса, анын ичинен 10 жолу атайын өзгөчө тапшырма менен чыгыптыр. Жалпысынан ал асманда 1 220 саат жүрүп, фашисттердин позицияларына 100 тоннадан ашык бомба таштаган. Мындан сырткары, май сакталып турган төрт, ок-дарысы бар үч кампаны, эки көпүрөнү, 11 автоунааны жана жерде конуп турган бир самолетту жок кылган. Душмандын тылына эки миллиондон ашык баракча таштаган.
1944-жылдын 26-октябрында СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Евдокия Пасько Советтер Союзунун Баатыры наамына жана Ленин ордени, Алтын жылдыз медалына татыган. Ошондой эле Ата Мекендик согуштун I даражадагы эки ордени, Кызыл Туу, Элдердин достугу ордендери жана бир катар медалдар менен сыйланган.
1945-жылы гвардиянын улук старшинасы Евдокия Пасько запаска бошогон. Кийинчерээк капитан чини берилген. Ал Москвага кайтып келип, Москва мамлекеттик университетинин математика факультетин, андан соң аспирантураны аяктаган. Москвадагы жогору техникалык училищеде 33 жыл иштеген.
2017-жылы 27-январда көз жуумп, Москва шаарындагы Троекуров көрүстөнүнө коюлган.
Каракол шаарындагы (Кыргызстан) Жеңиш паркына Евдокия Паськонун эстелиги тургузулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.