БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук евразиялык интеграция ага мүчө болгондорго кандай пайда келтирерин айтып берди.
Ал белгилегендей, ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ортосунда бажы чек аралары жок жана бул экономиканын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
"Бүгүнкү күндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жалпы бажы чек арасы бар экенин түшүнүү маанилүү. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосунда бажы тоскоолдуктарынын жоктугу ИДПга таасир этүүчү фактор болуп эсептелет. Бажыдан өтүү — убакытты жана ресурсту талап кылат. Биз бул чыгымдарды жоёбуз. Ал бардык өлкөлөргө пайдалуу", — деди Оверчук "Россия 24" телеканалына берген маегинде.
Ошондой эле Россиянын вице-премьери евразиялык биримдикке кирген мамлекеттердин биргелешкен экспортун өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.