Кыргызстанда Россияда иштейм дегендерден экзамен алына башташы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Россияда иштей турган кыргызстандык мигранттардан экзамен алуу башталышы мүмкүн. Бул туурасында Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Элдик дипломатияга 100 жыл: ВОСК — Россотрудничество" аталышындагы видеокөпүрөдө сүйлөгөн.
Журналист республика ичинде мигранттар чыгып жатканда (РФке) колунда зарыл болгон сертификаты болуш үчүн Россиянын тарыхын, мыйзамдарын жана орус тилин билүү боюнча экзамен алуу борборлорун ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатабы деген суроо узаткан.

"Биздин базанын алкагында андай борборлорду ачуу ылайыктуу болмок. Муну так жана айкын өткөрүү, сынакты камеранын байкоосунун алдында жасалыш жолдорун Рособрнадзор менен талкууладык. Россиянын Жогорку билим берүү жана илим министрлиги мындай сертификаттарды саткан "жакшы эмес" бир нече жактарды жапты. Бул нерсени өткөрүүдө биздин ойлонулган пландарыбыз бар", — деген Примаков.

Мигранттын санарип профили деген эмне. ЕЭКтин түшүндүрмөсү