БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. АКШда республикачылардын дээрлик 80 пайызы Украинага каржылык колдоо көрсөтүүгө каршы экени Wall Street Journal жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болду.
"Жаңы жүргүзүлгөн сурамжылоодо демократтардын 83 пайызы Украинага Россиядан коргонуусу үчүн финансылык жардам көрсөтүүнү колдосо, республикачылардын 79 пайызы ага каршы пикирин билдирген", — деп жазды гезит.
Мындан тышкары, америкалык шайлоочулардын 62 пайызы АКШнын Гренландия менен Канаданын эсебинен кеңейишин жактырбай турганы белгилүү болгон. Бул сунушту сурамжылангандардын 25 пайызы гана колдогон, калган 13 пайызы — эмне деп жооп берерин билбегендер жана жооп айтуудан таптакыр баш тарткандар.
Ал эми республикачылардын жарымынан көбү АКШ президенти Дональд Трамптын өлкө аймагын кеңейтүү демилгесин колдоп беришкен.
Басылма элдин НАТОго болгон мамилесин да карап көрдү. Натыйжада демократтардын 81 пайызынын НАТОго көзү түз болсо, республикачылардын 31 пайызы гана ушундай көз карашта экени маалым болду.
Сурамжылоо 27-марттан 1-апрелге чейин каттоодо турган 1,5 миң шайлоочу арасында өткөрүлгөн. Статистикалык олку-солкулук +/- 2,5 пайызды түзөт.