Мигранттын санарип профили деген эмне. ЕЭКтин түшүндүрмөсү

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. 2025-жылдын 30-июнунан тартып бардык чек ара өткөрмө пунктуларында башталуучу эксперименттин экинчи этабында чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде ЕАЭБ мамлекетинен келгендер сапарынын максаты тууралуу алдын ала маалымат бериши керек болот. Бул туурасында ЕЭКтин Эмгек миграция жана социалдык жактан коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова айтып берди.
Мигранттын санарип профилинде жеке маалыматтар (аты-жөнү, туулган жылы, жарандыгы), биометриясы (манжа издери, сүрөт) жана статусу (келүү мөөнөтү, уруксат берген документтин түрү) тууралуу жазылат.
Профилди ар ким өз алдынча "Госуслуги" порталынан же чек арадан өтүп жатканда автоматтык түрдө түзүп алса болот.
Мындай профиль тууралуу мындан беш жыл мурда айтыла баштаган. Анда тиркемеде мигранттын социалдык-укуктук макамы, биометрикалык маалыматтары, ден соолугу жөнүндө кабар жана кылмыш кылган-кылбаганы камтыларын билдиришкен эле.
"Кылмыштуулук азайды". РФте эмгек миграциясы майзамдаша баштаганын айтышты