БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда учуп-конуучу тилке оңдоло баштады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан билдиришти.
Буга байланыштуу дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү 18:00дөн түнкү 3:00гө чейин учуулар болбойт.
"Оңдоо иштери боюнча авиакомпаниялардын баарына маалымат берилди. Жүргүнчүлөрдү каттамдардын убакыт-саатынын өзгөрүүсүн эске алууну суранабыз", — деп жазылган маалыматта.