БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Чет элдик номерлүү унааларды 1-этапта эч ким мыйзамдаштырган жок. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи этапта документтери бар автоунаалар катталмак, бирок андайлар жок болуп чыккан.
Экинчи этапта алгачкылардан болуп, бир адам "10-региондун" номерин алган. Бул баскычта документтери жок, бирок техникалык абалы талапка жооп берген унаалар катталат.
Өлкөдө чет жактан мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруу өнөктүгү башталган. Анын баасы 100 миң сом деп белгиленген болчу.