Ботаникалык бак кандай өзгөрөт? Долбоордун видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакты оңдоп, калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган жай көп жылдан бери кароосуз калып, кылмыш көп жасалган жерге айланган.

"Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр да бул аймакты байырлап калган учурлар катталды. Эми аталган бакчаларга көңүл бурулуп, айлана-тегереги иретке келтирилет. Тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулат, тротуарлар жаңыланат. Шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт", — деди Туманбаев.

Буга чейин Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак толугу менен реконструкцияланары кабарланган.
Күн 30-31 градуска чейин ысыйт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу