Таласта 5000 көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Таласта 5000 кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Анын мезгил кутучасын салуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу катышкан.
"Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 5,56 гектарды түзөт. Батыш жана чыгыш тарабындагы трибуналар 5 055 көрүүчүгө ылайыкталат. Ал эми үч кабаттуу трибуналар алдындагы корпуста кийим алмаштыруучу жана тамактануучу жай, жатакана, конференц-зал жана бир нече административдик бөлмө жайгашат. Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат", — деп айтылат маалыматта.
1 / 2

Таласта 5000 кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу башталды

2 / 2

Анын мезгил кутучасын салуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу катышкан

Оюн талаасы гибриддик болуп, тегерете чуркоо аянтчасы жасалып, жанына 180 машинага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулары кошумчаланды.
Ташиев Баткенде 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушуна капсула салды