БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эми фамилияны, ысымды же атасынын атын өзгөртүү үчүн арызды "Түндүк" аркылуу тапшырууга болот. Бул тууралуу "Кызмат" мекемесинен билдиришти.
Ал үчүн тиркемеден "Аты-жөнүн өзгөртүү" кызматын тандап, өзгөртүү негизделген күбөлүктүн түрүн көрсөтүү зарыл. Жаңы аты-жөнүн киргизип, зарыл маалыматтар толтурулат. Андан соң фотоидентификациядан өтүп, булуттук электрондук кол тамга менен арызга кол коюу керек. Муктаждык болсо жеткирүү жолун тандоого мүмкүндүк бар.
Арызды кароо мөөнөтү — 3 же 10 иш күнү, күбөлүктүн түрүнө жараша. Жеткирүүнүн баасы күбөлүктүн түрүнө жана жеткирүү тандоосуна жараша өзгөрөрүн кошумчалашты.
Кызмат кезексиз, кагаз иштерисиз күнү-түнү, жуманын жети күнү онлайн жеткиликтүү экени белгиленди.