Мамлекеттин кулу эмес. Депутат мугалимдердин ишембиликке тартылышын сындады

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Мугалимдерди ишембиликке чыгаруу туура эмес, алар мамлекеттин кулу эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айтты.
Ал акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, окутуучулардын укугун коргоону суранды.
"Апта сайын ишембиликтер уюштурулууда. Бул Ленин тарабынан ойлоп табылып, азыр улантылып жаткан жакшы идея. Бирок туура эмес болууда. Мага мектеп мугалимдери, бала бакча тарбиячылары тобу менен кайрылып жатышат. Көйгөйдү ачык айтуудан айбыгышууда, анткени иштен айдалышы ыктымал. Карасаңыздар, беш күн балдар менен иштеп, алтынчы күнү акысыз арык, таштанды тазалоого тартылууда. Бул туура эмес. Алар мамлекеттин кулу эмес да акыры. Билим берүү министрлиги алардын укугун коргошу керек эле, бирок үн катпай отурат. Сиздерге кайрылса болот эмеспи, фактыларга реакция кылсаңыздар", — деди Бекешев.
Буга жооп кылган омбудсмен азырынча мындай кайрылуу болбогонун, түшсө маселе караларын белгиледи.
Эскерте кетсек, жаз башталары менен өлкө аймагында ишембиликтер өтүп келет.
Катышпагандар жазаланат. Борбор калаада эки айлык ишембилик жарыяланды