Мал буудай менен багылгандыктан кант диабетине чалдыккандар көбөйүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Буудай менен багылган малдын айынан кыргызстандыктар кант диабети жана кан басымдын жогорулашы менен жабыркап жатат. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев билдирди.
"Аталарыбыз малды арпа, сулу менен байлачу эле. Азыр буудай менен багып, элди оорутуп жатабыз. Буудай күчтүү, аны жеген малдын эти адамдын кан басымын көтөрөт", — деди эл өкүлү.
Депутат Айыл чарба министрилигин элге малды туура багуунун жолун түшүндүрүүгө чакырды.
3-4 миң доллардан азайткыла. Депутат айыл чарба жаатындагы коррупция тууралуу