Minecraft оюнун 3-курстун студенти кыргыз тилине которду

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эми Minecraft оюнун кыргыз тилинде ойносо болот. Бул тууралуу аны демилгелеп ишке ашырган КРСУнун 3-курсунда окуган Атай Азаматов билдирди.
Кыргызстандык студент оюнду эне тилге которуп, ал эми негиздөөчүлөр саамалыкты анын соңку версиясына кошту.
1 / 4

Эми Minecraft оюнун кыргыз тилинде ойносо болот

2 / 4

Бул тууралуу аны демилгелеп ишке ашырган КРСУнун 3-курсунда окуган Атай Азаматов билдирди

3 / 4

Кыргызстандык студент оюнду эне тилге которуп, ал эми негиздөөчүлөр саамалыкты анын соңку версиясына кошту

4 / 4

Кыргыз тилине которулган Minecraft оюну

"Оюндун негиздөөчүлөрү менен мектепте окуган маалда эле байланышууга аракет кылгам, бирок жооп былтыр майда келди. Котормону дагы ошол кезде баштагам. Бул — өлкө үчүн жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салымын кошкон маанилүү иш", — деди демилгечи.
Мамлекеттик тил комиссиясы ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодо