БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Евробиримдик киргизилген бажы алымына жооп катары америкалык импортко каршы 28 миллион долларга чейин жеткен контрчара даярдап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Евробиримдик мамлекеттери жакынкы күндөрү АКШ президенти Дональд Трамптын тарифине каршы бир муштум болуп чыгууга аракет кылышууда. Мында америкалык импортко жооп катары майда-чүйдөдөн бриллиантка чейин каралган 28 миллиард доллар суммасындагы чаралар тууралуу кеп болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Чектөө киргизиле турган товарлардын тизмесинде: эт, шарап, бурбон, жыгач-таш, сагыз, чаң соргуч, даарат кагазына чейин бар.
Макалада ЕБдин мындай кадамы анын Кытай менен Канадага кошулары, натыйжада глобалдуу соода согушу чыгышы мүмкүн экени белгиленген.
Эскерте кетсек, 2-апрель күнү АКШ президенти Дональд Тармп башка өлкөлөрдөн келген товарга бажы алымы кирерин билдирген. Вашингтондун бул аракети көптөгөн дүйнөлүк лидерлердин нааразычылыгын жаратты.
Ак үйдүн кожоюну бажы алымынын эң төмөнкү чеги 10 пайыз болорун, анткен менен тариф ар өлкөгө өзүнчө бекитилерин белгилеген болчу. Трамптын айтымында, сумма мамлекеттердин америкалык товар үчүн алган пошлинасынын жарымын түзөт.
АКШ президенти бажы алымдарын киргизүү өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп, мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн пайдаланууга шарт түзүлөт деген пикирде. Ал арада финансы министри Скотт Бессент бажы алымы киргизилип жаткан мамлекеттерге жооп кайтаруу абалды курчутуп жиберерин айтып, андан оолак болууга чакырган.