БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети бекиткен "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" аталышындагы бирдиктүү юбилейлик медалдын эскизи даяр болду.
Маалыматка ылайык, алтын түстөгү металлдан жасалган медаль тегерек формада, диаметри 32 миллиметр. Алдыңкы бетинде — Рейхстагга Жеңиш туусун сайып жаткан жоокердин фигурасы түшүрүлгөн. Жеңиш туусу кызыл эмаль менен жалатылган. Сол жагында жана ортосунда салюттун сүрөтү бар. Үстүңкү жагында "1945" жана "2025" цифралары горизонталдык чийин менен бөлүнүп жайгашкан. Төмөн жагына эки лавр бутагы жана кырдалган беш учтуу жылдыз тартылган.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Арт жагында "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл" деген жазуу түшүрүлүп, гүлчамбар менен курчалган, түбүндө I даражадагы Ата Мекендик согуш орденинин сүрөтү бар. Четтери кыюуланган. Бардык сүрөт, жазуулар жана сандар рельефтүү.
Медаль кулакча жана шакекче аркылуу туурасы 24 миллиметр кызыл түстөгү жибек тасма оролгон беш учтуу калыпка бекитилген. Тасманын ортосунда эки алтын сызык жана кыргыз орнаменти түшүрүлгөн.