“Кышы менен улак тартабыз”. Өзбекстанда чоңойгон кыргыз жигиттин маеги

Sputnik
Кыргыз тилин жана адабиятын жогорку деңгээлде изилдеп, окуучулардын кыргыз дүйнөсүнө сүңгүшүнө салым кошкум келет. Мындай кыялы менен Өзбекстандагы Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты багытындагы студентти Азамат Маликов бөлүштү.
Ал учурда тайпалашы Адина Маткасымова менен бирге атайын программанын негизинде Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде окуусун улантууда. Кыргыз тилин изилдеген билим алуучулар Өзбекстандагы кыргыздар жана ал жактагы кыргыз тилин окутуу иштери кандай жолго коюлгандыгы тууралуу айтып беришти.