"Бала береке" жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге берилет

Sputnik
2024-жылдын 23-декабрында президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди колдоо максатында “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга жарыяланды. Белгиленгендей, "Бала Береке" бир жолку жөлөк пул 2026-жылы төртүнчү төрөлгөн балага берилет. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелер үчүн төлөнүп берилерин эске алуу керек. Мындан тышкары аталган бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын зоналарда же өзгөчө статусу бар айрым чек арады аймактарда отурукташкан жашоочулар үчүн “тоолуктарга көмөк” ар айлык жөлөк пулу ишке ашканы турат. Ал балдары 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.
Бул тууралуу "Ачык кеп" берүүсүнүн коногу Максат Туларбек кызы маалымдады.