БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош шаарында жол кеңейтүүдө буздурулган курулуш мыйзамдуу болсо ордуна кенемте катары жер берилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен отурум өткөргөн. Анда бошотулган жерлердин ордуна кенемте катары жер берүү маселеси каралган.
"Мэрияга 39 коммерциялык жана 59 турак жайдын ээлеринен арыз түшкөн. Аларга комиссиянын чечими менен макулдук берилди. Жолдун долбоору толук аягына чыгып, кызыл сызыктар аныкталган соң белгиленген тартипте жерлерди баалоо менен башка жактан жер берүү боюнча жумуштар жүргүзүлөт. Жарандардан келип түшкөн арыздар комиссия тарабынан өз учурунда каралат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, быйыл Ош шаарында 11 көчөнүн тротуары жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ал үчүн республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт.