Баткенде эки жоокер уруша кетип, бири экинчисин акырекке атып салды

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Атайын багыттагы "Илбирс" аскердик бөлүгүндө бир жоокер экинчисин атып оор жарадар кылганын редакциянын маалымат булактары билдиришти.
Ага ылайык, келишим боюнча иштеген эки кызматкер кечээ күзөттө туруп уруша кетишкен. Буга бири экинчисине карызын кайтарбай жүргөндүгү себеп болгон. Ок аскер кызматкеринин акырегине тийип, ооруканага жеткирилип, операция жасалган.
Коргоо министрлиги азырынча окуя тууралуу комментарий бере элек.
Баткенде Коргоо министрлигинин кызматкери автокырсыктан каза болду