Министрлик Баткенде шеригинен ок жеген жоокердин абалын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Баткенде шеригинен акырекке ок жеген жоокердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган. Окуяны териштирүүнү Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын башчысы, коргоо министринин орун басары жеке көзөмөлүнө алып, абалды териштирүү үчүн окуя болгон аскер бөлүгүнө чыгып кетти.
Эске салсак, кечээ атайын багыттагы "Илбирс" аскердик бөлүгүнүн кызматкери чогуу күзөттө турган жоокерди атып салган. Маалымат булактары алардын жаңжалына биринин экинчисине карызын кайтарбай жатканы себеп болгонун билдиришкен.
Улуттук гвардиянын жоокери токмоктолуп, Аскер прокуратурасы текшерүү баштады