Кечиктирилген айлык, соцтөлөмдү үстөгү менен төлөп берүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Өлкөдө кечиктирилген эмгек акы, пенсия, жөлөк пул, стипендия жана башка соцтөлөмдөрдү үстөгү менен төлөп берүү сунушталды. Эмгек министрлиги долбоорду коомдук талкууга койду.
Сумма беш күндөн ашык кармалган төлөмгө кошулмакчы.
Документте акчаны кечиктирүүгө себепкер болгон мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү экени айтылган:
ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,25 пайыз үстөк кошууга;
инфляциянын деңгээлин эске алуу менен каражатты төлөп берүүгө.
ММК фондуна кете турган социалдык төлөмдү көбөйтүү сунушталды