Велосезон ачылды. Жүздөгөн бишкектик жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Борбордо велосезон ачылып, анын урматына жүрүш уюштурулганын мэрия кабарлады.
Веложүрүш Жеңиш паркынан башталып, "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктаган. Катышуучулар 5,5 чакырым аралыкты тээп өтүшкөн. Андан кийин шаардыктарга майрамдык программа тартууланды.
Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева Бишкекте спорттун бул түрүн өнүктүрүү зарыл экенин белгилеген.
Коопсуздукту камсыз кылууга Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ), тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылган. Иш-чара тынч өткөнү айтылды.
Күрөш: Азия чемпионатында Кыргызстан алтынчы орунду ээледи