Бишкек мэриясы турак жайы суу, каналдарга жакын жайгашкандарга кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы турак жайы дарыя, каналдарга 15 метрден жакын аралыкка "кирип кеткен" үй ээлерине кайрылды.
Мекеме Бишкек шаарынын суу объектилери үчүн суу коргоо тилкесинин туурасы эң аз дегенде 15 метрди түзөрүн эскерткен. Буга байланыштуу шаарда тилкеден чыгып кеткен объектилерди аныктоо боюнча рейддер өткөрүлдү.
"Объектилериңдерди талапка ылайык келтирип берүүңүздөрдү суранабыз, антпесе муниципалитет мыйзам чегинде чара көрөт", – деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия сууга саркынды кошулуп кеткен учурлар катталганын белгиледи. Мындай мыйзам бузгандарга тез арада аны жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык инспекцияга айып салуу тапшырмасы берилген.
"Тиешелүү кызматтарга Ала-Арча суусунун жанындагы иштеп жаткан жана курулуп жаткан объектилердин чек арасын жана мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасы коюлду", – дешти мэриядан.
Бишкекте кабелдерди жер астына жайгаштырууга 30 млн. сом сарптоо пландалууда