БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШда ишемби күнү президент Дональд Трамптын саясатына каршы акциялар өткөнүн РИА Новости агенттиги Washington Post басылмасына таянып жазды.
"Ишемби күнү Вашингтон монументинин алдына миңдеген адам топтолуп, Трамп жана анын башкы кеңешчиси Илон Масктын федералдык агенттиктерди жоюп, бажы алымдарын киргизгендигине каршылыгын билдиришти", — деп жазылат маалыматта.
Басылманын билдирүүсүнө ылайык, бардык 50 штат боюнча 150дөн ашык активисттик топтор тарабынан уюштурулган кеминде 1300дөй каршылык акциялары Hands Off ("Колуңду тарт") деген ураан менен өтө тургандыгы пландалууда.
Мурдараак RBB24 радиостанциясы Германияда жүздөгөн адам Трамп жана Мамлекеттик эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) башчысы Масктын саясатына каршы болуп акцияга чыгышканын маалымдаган. Мындан тышкары, Guardian гезити Америка лидеринин саясатына Лондондо да каршылык митинги өткөнүн жазган.