БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарын алдыда убактылуу кыйынчылыктар күтөт, бирок жыйынтыгы тарых жаратат. Мындай кайрылуусун президент Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жарыялаганын РИА Новости жазды.
"Экономикалык революция болот, биз аны жеңебиз, бекем болгула, ооба, оорго турат, бирок соңку жыйынтык тарыхый болот", — деп жазган ал.
Ошол эле учурда Ак үй башчысы АКШ бир нече эсе көп нерсе жоготкон Кытайчалык катуу жабыркабаганын белгилеген.
"Кытай АКШга караганда бир кыйла көп жабыркаган, АКШ андай масштабга жакындабайт дагы", — деп белгилеген америкалык лидер.
2-апрелде президент Дональд Трамп башка мамлекеттерден келген товарларларга бажы алымын киргизгени белгилүү болду. Эң азы 10 пайыз деп белгиленген. Бажы алымдарынын көлөмү Штаттардын ар бир өлкө менен болгон соода жетишсиздигинин көрсөткүчтөрүн эске алып, балансташтыруу үчүн эсептелген, буга байланыштуу ар бир өлкө бажы алымынын ченин көтөрүү көйгөйүнө туш болот.
Америка президентинин айтымында, бажы алымын киргизүү АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп, мамлекеттик карыздарды төлөөдө чоң суммадагы каражаттарды колдонууга жардам берет.
Кытайга карата бажы алымдары буга чейинки алымдарга кошулуп саналып, жыйынтыгында суммасы 54 пайызга жетет. Кытай буга жооп кылып бардык америкалык товарларга 34 пайыздык кошумча алымдарды киргизген.