Күн 30-31 градуска чейин ысыйт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет 7-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун таратты.
Синоптиктердин маалыматында, жуманын башында көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болуп, андан кийин күн чайыттай ачылып, абанын температурасы көтөрүлөт.
Мисалы, Бишкекте ишемби менен жекшембиде күндүн табы 30 градуска чейин, ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларында 31 градуска чейин жетет.

Чүй

Облус аймагында 7-8-апрелде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми 9-апрелде тоолуу райондордо гана кар жаамакчы. 10-13-апрелде күн ачык болору айтылды.

Талас

Региондо дүйшөмбү күнү гана жаан жаай турганы божомолдонду. Калган күндөрү күн ачык болмокчу.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Өлкөнүн түштүк аймактарында жуманын ортосуна чейин жаан-чачын, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бейшембиден тарта күн ачылары маалымдалды.

Ысык-Көл, Нарын

Аймактарда дүйшөмбүдө жана бейшембиде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жума ичи күн жылып, 20-23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек мэриясы турак жайы суу, каналдарга жакын жайгашкандарга кайрылды