7-апрелге карата аба ырайы

7-апрелде өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын көпчүлүк жеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда 21…26, Таласта 20…25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жергесинде 15…20, Нарын өрөөнүндө 14…19 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 24…26, Ош шаарында 25…27 градуска көтөрүлөт.
Бишкек мэриясы турак жайы суу, каналдарга жакын жайгашкандарга кайрылды