Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн жана Грузиянын кыска метраждуу фильмдеринин XIII эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, бул ирет фестивалга катышууга Кыргызстандан жана чет өлкөдөн 900дөй арыз келип түшкөн. Кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 22-апрель күнү саат 12:00дө Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт.
Иш-чарада тасмаларды тартуулагандан тышкары кино жаатындагы адистер идея, тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшөт.
"Фестивалдын дагы бир маанилүү максаты – КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо. Бул биргелешкен кинодолбоорлордун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп жазылат маалыматта.
Кинофестивалдын программасы эл аралык жана улуттук болуп эки сынактык категорияны камтыйт. Эл аралык сынакка тандалган 13 фильм катышмакчы.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Минкаб Жеңиштин 80 жылдыгына карата юбилейлик медалдын жобосун бекитти