Колу-бутун скотчтоп... Токмокто арзыган кызынын колун кыйнап сураган жигит кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Токмок шаарында никеге мажбурлап тургузуу үчүн кызды уурдоого шектелген киши кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
29-март түнү ал сүйлөшкөн кызын алдап үйүнөн алып чыгып, ээн жерге алып барып, колу-бутун скотч менен байлап, турмушка чыгууга мажбурлаган.
"Андан кийин өз үйүнө алып келип, кыздын колун батареяга байлап койгон. Ал "жигити" уктап калганда качып чыгып, укук коргоо органдарына кайрылган. Милиция шектүүнүн жашаган жерине барганда тартип коргоочулардын бирине кол көтөрүп, андан соң качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
24 жаштагы бул адам Бишкектен кармалып, ага карата "Адамды никеге турууга мажбурлоо" беренеси боюнча иш козголгону кошумчаланды.
Бишкекте кыз ала качууга аракет кылган деп эки киши кармалды. Видео