Хоккейчи Овечкин НХЛ тарыхындагы голдор боюнча рекордду кайталады

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россиядан чыккан хоккейчи Александр Овечкин НХЛ (Хоккей боюнча улуттук лига) тарыхындагы голдор боюнча Уэйн Гретцкинин рекордун кайталады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Анын "Вашингтон Кэпиталз" командасы өз талаасында "Чикаго Блэкхоксту" 5:3 менен жеңди. Булардын экөөнү Овечкин киргизип, жалпы 1 486 оюнда киргизген шайбалары 894кө жетти. Бул канадалык Уэйн Гретцки орноткон рекорд болчу. Эми аны Овечкин кайталады. Ал 894 шайбаны 1 487 оюнда киргизген. 39 жаштагы Овечкин дагы деле ойноп жаткандыктан рекордду жаңылай алмакчы.

"Бул хоккей үчүн, бүтүндөй Вашингтон, күйөрмандар үчүн чоң сыймык. Азыр деле ишене албай жатам", — деди Овечкин.

Россиядан чыккан хокейчи Александр Овечкин
Ошондой эле Овечкин бул ийгиликке жетүүдө мурдагы жана учурдагы командалаштарынын салымын белгиледи.
"Никлас Бэкстрем, Сергей Федоров, Виктор Козлов жана башкалар... Бул жигиттер болбосо мындай ийгиликке жетмек эмесмин", — деди ал.
РФтин Олимпиада оюндарына катышуусун кароого жаңы жетекчи убада кылды