"Убагында билинбей калып жүрө берсе белоктор биринин артынан бири жок болуп кете берет. Ошондо булчуңдар биринин артынан бири иштебей калат. Буттары, колдору кыймылдабай калат. Мисалы, биздин көкүрөк клеткаларыбызда да булчуңдар бар, алар да иштебей калат. Өпкөбүздүн ичинде, бронхтордо, баарында булчуң бар. Бейтаптардын акыл-эси жайында, баарын түшүнөт, сүйлөйт, аң-сезими, ой жүгүртүүсү баары ордунда", — деди ал.
Зурдинова омуртка булчуңдарынын атрофиясына каршы чыгарылган золгенсма дарысы дүйнөдөгү эң кымбат каражат экенин белгиледи. Ушул тапта анын баасы 2 000 000 долларга жакын. Бирок ал бейтапты оорудан биротоло айыктырып жибербейт, булчуңдардын алсызданышын токтотууга көмөкчү болот.
Ал эми Кыргызстанда аталган оорудан жабыркаган 36 бала аныкталган. Алардын 8ине мамлекеттен рисдиплам дарысы берилет, калган бейтаптарга да берүү маселеси каралууда.
"СМА менен ооругандар бул дарыны өмүр бою ичиши керек, ансыз булчуңдарынын иштеши кыйын. Анын бир флакону 600 миң сомдон өйдө турат. Бир флакон 15 күнгө жетет", – деген адис дарыдан тышкары бул адамдардын булчуңдарын иштеткен реабилитация тынымсыз жасалышы керектигин кошумчалады.
Тема боюнча: