Алар майданга Советтер Союзунун символдорунун бири болгон беш жылдыз, Франциянын ак желеги жана чагылган тартылган аба кемеси менен аттанат. Франциянын пилоттору германиялык учкучтар менен согушка бет алган советтик бомбалагычтарды коштоп жүрүшкөн. Француздар Смоленскини бошотууга, Курск салгылашына, "Багратион" деп аталган Беларусь операциясына катышкан. Литваны бошоткону үчүн "Нормандия-Неман" деген ат ыйгарылган.
"Нормандия-Немандын" сапары 1945-жылы соңуна чыккан. Улуу Ата Мекендик согушта авиаполктогу 97 пилоттун 42си курман болгон.
Аталган авиаполктун атын 1999-жылы Югославиядагы варвардык бомбалоо булгаган. Ал эми бүгүнкү күндө "Нормандия-Немандын" истребителдери НАТОнун Чыгыш флангында бетпактык менен колдонулуп, Россияны "токтотуп, кармап туруу" миссиясын аткарып жатат.