Транспорт департаменти: Бишкекке майда 50, күзүндө 68 электробус алып келинет

Электробустар. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанга дагы 118 электробус алып келинет. Анын 50сүн май айына, 68ин күз айларына күтүп жатабыз. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.

"Бизге Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 50 миллион 650 миң доллар бөлүнүп берилген. Аталган долбоордо негизги төрт компонент бар. Анын биринчи компоненти — электробустар. Булар Кытайдын Anhui Ankai Automobile компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында алып келинүүдө. Экөө келди, дагы 118 электробустун 50сү май айынын аягында, ал эми күз айында калган 68и келет. Жалпысынан 120 электробус. Жакында келген эки электробус айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналган", — деген ал.

Электробус. Архив
Бишкекте 10 күндүн ичинде троллейбустан жасалган электробус линияга чыгат